«Кан тамыр жабыркаган эмес». Сотто мойнун тилип жиберген Имамидин Ташовдун абалы айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлиги сотто мойнун тилип жиберген ишкер Имамидин Ташовдун абалы боюнча маалымат беришти.

«6-декабрда бейтап кесилген жараат менен Биринчи Май сотунан Клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер жараат үстүртөн экенин, кан тамырлар жабыркабаганын жана олуттуу кан жоготуусуз экенин аныкташкан. Оорулууга керектүү жардам көрсөтүлдү, анын ичинде жараатты алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү. Канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.