Канат Сагымбаев менен Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы жеңилдетилди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев менен «Социал-демократтар» саясий партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы жеңилдетилди. Мындай чечимди бүгүн, 5-апрелде Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Маалыматка караганда, алардын баш коргоо чарасы үй камагынан эч жакка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, кийин октябрь айындагы окуяларда чыгарылып, кайра 9-октябрда болуп өткөн «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айланган митингден кийин кармалган эле. Ал эми 5-декабрда үй камагына чыккан.