Каныбек Сагынбаев олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды

Каныбек Сагынбаев Эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев Каныбек Сагынбаевди эмгек жамаатка тааныштырды.

Сагынбаев Каныбек Калыгулович 1985-жылы 11-ноябрда төрөлгөн. Бильярд боюнча спорт чебери, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону.

Буга чейин олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин Айша Карымшакова жетектеп келген.