Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Тургунбеков Канатбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Канатбек Турганбеков 2016-жылдан 2020-жылга чейин «ЮСИС» юридикалык фирмасынын жетекчиси болгон. Буга чейин ал «Alfa Telecom» компаниясынын кадрлар боюнча директору болгон. 2008-2009-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы болгон. Ошол учурда уюмду Садыр Жапаров жетектеген.