«Кандайсыңар, алтындарым» деп сөөлжандар менен учурашам» дейт сөөлжан багып, айына 1 миң доллар тапкан аял

SUPERTV бул жолу сөөлжан багып, чоңойтуп, көбөйтүп, алтургай аларга баласындай кам көргөн үй-бүлөнүн үйүнө барды. Бул жайда он тоннадан ашык сөөлжан кармалат.

«Сөөлжан багуу баламдын идеясы. Анан мен деле буга чейин «эмне үчүн биз Кытайдан химикат алып, жерди талкалап жатабыз» деп ойлонуп жүргөм. Бул мени түйшөлтчү. Уулум «сөөлжан кыкты жеп, жер семирткич чыгарат экен» деп калды. Анан уулум башында 2 тонна алып келген. 2 тонна аз болуп калат экен. Учурда 10-15 тонна сөөлжан бар. Эсептегенде 1,5 миллион сомдун сөөлжаны бар. Сөөлжандарды аябай жакшы карайм. Эртең менен келип «кандайсыңар, алтындарым» деп учурашам. Буларды даараты жок кармабайм. Негизи сөөлжан малдын эле кыгын жейт экен. Айрым учурдарда жалбырак салып койсо болот экен. Жашылча, жер-жемиштердин калдыктарын да жейт», — дейт Мария Асанова.