Кант диабети менен жабыркагандар тесттерди 50 пайыздык арзандатуу менен ала алышат

Кант диабети менен жабыркаган бейтаптар кандагы глюкозанын басымын аныктоочу тесттерди 50 пайыздык арзандатуу менен ала алышат. Бул тууралуу Медициналык камсыздандыруу боюнча фонду кабарлады.

Белгилүү болгондой, аталган диабет менен жабыркагандар жылына 500 тестти жарым баасына сатып алышат. Ошондой эле, камсыздандыруусу жок болсо инсулин, инсулиндин шприци, глибенкламид дарыларын акысыз ала алышат.

Кант диабети менен жабыркап, үй-бүлөлүк медицина борборуна катталгандар дарыгерлердин акысыз кеп-кеңешинен, лабораториялык жана диагностикалык кароосунан өтө алат.