Кант диабети менен ооругандар коронавируска каршы вакцина алса болобу? Дарыгердин жообу

Кант диабетинин 1- жана 2-тиби менен ооруган бейтаптар, башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң. Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өнүгүү тобокелдигин күчөткөн, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү жана башка факторлор менен байланыштуу. Бул тууралуу Эндокринологиялык борбордун директору Наталья Добрынина билдирди.

Анын айтымында, эмдөө тууралуу чечим дарыгердин чечими менен бейтапты текшерүүдөн өткөргөндөн кийин (дене табы 37 градус болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт), бейтаптын макулдугу менен колу коюлгандан кийин жүргүзүлөт.

Эмдөө жүргүзүү үчүн кант диабети менен ооругандардын артыкчылыктуу тобу:

Саламаттык сактоо жаатындагы дүйнөлүк эксперттер кант диабетинин 1-жана 2-тиби менен жана башка сейрек кездешкен түрлөрү менен ооруган бейтаптарга, каршы көрсөтмөлөрду жана эскертүүлөрдү эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү керек экенин белгилешет.

 кан тамырлары менен көйгөйү бар бейтаптарга;
жүрөк кан-тамырлардын коморбид диагнозу бар бейтаптарга;
5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптарга;
диализдеги бейтаптарга;
 бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптарга.

Кант диабети бар бейтаптарга эмдөөдөн өткөндөн кийин кандай терс белгилерге көңүл буруу керек?

Кеңири тараган терс белгилер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

инъекция жасалган жердин оорушу, шишиги жана кызарышы;
жалпы абал — чыйрыгуу, чарчоо жана баш оору.

Көп учурда аталган терс белгилер абалдын начарлашына алып келбейт.

Эмдөө алгандан кийин гликемияны өз алдынча көзөмөлдөө сунушталат жана керек болгон учурда колдонулуп жаткан инсулиндин дозасын коррекциялоо керек.

 Белгилей кетсек, эмдөөдөн кийин деле коронавирус инфекциясы менен ооруган сыяктуу, кайрадан вирусту жуктуруп алуу мүмкүн жана ошондой эле кант диабети бар бейтаптар коомдук жайларда бардык тийиштүү нормаларды сактоо жоопкерчилигин билүүсү керек.