Кант диабетинен кантип сактаныш керек? Министрлик жооп берет

Дүйнөдө болжол менен 286 миллион адам кант диабетинен жапа чегишүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Диабет жүрөк, көз, бөйрөк жана колу-буттарга чейин таасир этип, коркунучтуу жагдайларды жаратат. Дарылоо кымбатка тургандыктан, үй-бүлө жана мамлекет үчүн каржы маселеси бир катар кыйынчылыктарга алып келет», — деп айтылат маалыматта.

Мүнөздүү белгилери — заара көлөмүнүн көбөйүшү (заарада глюкозанын пайда болуусу), ооздун кургашы, чаңкоо жана суюктукту ашыкча талап кылуу (денеде суунун азайышына байланыштуу) теринин жана былжыр челдин кычышуусу (биринчи кезекте, жыныс органдарында) териде жана былжыр челде ириңдүү жаралардын пайда болуусу, алсыроо, чарчоо, ишке болгон жөндөмдүн төмөндөп кетүүсү.

Кант диабетинин келип чыгуусуна өбөлгө болгон коркунуч факторлору:

ашыкча салмак же семирүү;
кыймыл-аракеттеги активдүүлүктүн төмөндүгү;
канда холестерин жана май курамынын жогорулашы;
артериалдык гипертензия жана жүрөктүн башка оорулары;
65 жаштан жогорку жаш курак;
диабетке тарткан тукум куучулук;
баланын 4 килограммдан ашык салмакта төрөлүшү.

Кант диабетинен кантип сактаныш керек?

туура тамактануу менен жашылча жер-жөмиштерди көбүрөөк пайдаланып, май, кант, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди пайдаланууну чектегиле;
активдүү, сергек жашоо сүргүлө, дене көнүгүүлөрүн дайым жасоо жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана семирүүдөн сактайт;
салмагыңарга көз салгыла;
стресстик кырдаалдардан качкыла.