Кант шаардык автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар «Каниет» ААКтын жетекчилиги Кант шаарындагы аянты 28143,27 чарчы метр болгон автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган. Анда мамлекеттин үлүшү 39,25 пайызды түзгөн. Бирок менчиктештирилген учурдан тартып «Каниет» ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес», — деп жазылат маалыматта.
«Каниет» ААК өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 миллион 908 миң сомду түзгөн ишкананы өткөрүп берген.