Кантта байкоочулардын бири добуш барактарды сүрөткө тартып жаткан видео тарады

Кант шаарындагы №7118 шайлоо участкасында добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталган. Маалымат боюнча, Людмила аттуу байкоочулардын бири добуш берүүгө келген кыз бюллетенди толтуруп жатканын  видеого тартып алган. Ал буга чейин да башкалардын барагын видеого тартып алганын үчүнчү жак билдирди. Добуш берүү процессин видеого тартууга эч кимдин укугу жок.

Кеңеш айылындагы дагы бир №7109 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутатына мыйзам бузуу актысы түзүлүп, ал байкоочу катары катталып, УШКга келген жарандарга үгүт иштерин жүргүзгөн.  Бул да одоно бузуу болуп саналат. Анын үстүнө эл өкүлү байкоочу боло албайт.