Канттын тургуну: «Ок атышуунун үндөрү абдан катуу угулуп жатты»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Канттын тургуну менен байланышканыбызда, ок атышуунун үндөрү саат 07:00 чамасынан баштап катуу угула баштаганын айтып берди.

«Биз ок атышуу болуп жаткан Дмитриевкага жакын болгондуктан ок атышуунун үндөрү катуу эле угулуп жатты. Атышуу саат 07:00 чамасында башталды окшойт. Жолдошум «медресени кылмышкерлер басып алганын айтып жатышат» деди. Милиция кайгуул кылып жүрөт. 08:40тарда октун үндөрү токтоду»,- деди тургун.

Ал эми ИИМден медресе тууралуу маалымат берише элек.