Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Досмамбетов Каныбек Моңолдорович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Досмамбетов Каныбек Моңолдоровичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.