Каныбек Иманалиев 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн артыкчылыктарын санады

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча өз оюн жазды.

«12 жылдык билим берүү боюнча, биринчиден, 12 жылдыкка өткөндө ЖОЖдорго окуу 4 жылдык эмес, 3 жылга азаят, демек, бир жыл эрте бүтөт. Экинчиден, колледждер 3 жылдан 2 жылга кыскарышы керек. Үчүнчүдөн, 12 жылдыкка өткөндө көбү 10 жылдан кийин эле кесип тандоого өтүп, лицейлер, орто кесиптик окуу жайларга өткөндөр көбөйөт. Демек, баары эле сөзсүз түрдө 12 жыл окуй бербейт. Төртүнчүдөн, балдарыбыз 7 жашка караганда мектепке 6 жашында барса, сабакты өздөштүрүүсү тез жана сапаттуу болору эбак аныкталган. Бешинчиден, 12 жылдыкка өтүү бул дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашуу болуп эсептелинет. Алтынчыдан, сапаттуу билим берүү жана 12 жылдыкка өтүү экөө эки башка маселе», — деп жазды ал.