Каныбек Иманалиев: “Чыныбай Турсунбеков үлгү боло турган чыныгы адам эле”

Кечээ, 23-августта Ысык-Көл жээгинде Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын экинчи күнүнө карата уюштурулган иш-чаралар өттү. Биз 70тен ашуун акындын ичинен иргелип чыккан финалисттерди кепке тарттык. Ошондой эле «Чыныбай Турсунбеков агайым эле, устатым эле» деп ачылыш аземде сөз сүйлөгөн экс-депутат Каныбек Иманалиевге суроолорду узаттык.

Бул пансионат мурда талкаланган эле жер болчу. Ошону гүлгө айлантты. Өтүп кеткенден кийин үй-бүлөсү гүлдөтүп жатканы, анын ишин улантып жатканы. Ыр айтып, көркөм окуп жатканын анын руханий жашоосунун уланып жатканы. Чыныбай Турсунбеков үлгү боло турган чыныгы адам эле. Кеңешчи эле, пикирлеш эле, оюн таңуулачу эмес. Кыргыздын мыктыларынын бир эле”,- деди ал.