Каныбек Иманалиев: “Чыныбай Турсунбековду убагында баалабаптырбыз”

Кечээ, 23-августта Ысык-Көл жээгинде Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын экинчи күнүнө карата уюштурулган иш-чаралар өттү. Биз 70тен ашуун акындын ичинен иргелип чыккан финалисттерди кепке тарттык. Ошондой эле «Чыныбай Турсунбеков агайым эле, устатым эле» деп ачылыш аземде сөз сүйлөгөн экс-депутат Каныбек Иманалиевге суроолорду узаттык.

Мен 1994-жылдары президенттик аппаратта иштеп баштадым. Ошондо Кыргызстандын президенти Казакстандын президентине чалып, дан жетишпей, Кыргызстанда нандын кору 3 эле күндүк болуп калыптыр. Муну эмнеге айтып жатам? Мамлекеттин мойнундагы жүктү жеке менчик алып кетти. Кыргызстанды ун менен 40-60 пайыз “Акун” камсыздап жүрдү. Ыр жазып жан азык, дасторконго нан азык да берип жүрдү. 

Негизи саясатчылар 2 эле топко бөлүнөт. Бирөөсү шайлоону ойлонот, экинчиси кийинки мамлекетти ойлойт. Кыргызстанда миңдеген саясатчылар бар. СДПК партиясында туруп, спикер болду. Ал учурда биз оппозиция элек. Бирок сөз бергенде бизге көбүрөөк берет эле. Ал мунун калыстыгы. Убагында баалабаптырбыз, бирок калыс мамиле кылыптыр деп айтабыз”,-
деди ал.