Бүгүн, 24-февралда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны.
Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1987-1989-жылдары Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн. Билими жогору. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1998-жылы Орусиянын президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат академиясын «саясат таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1992-1994 — «Асаба» гезитинин кабарчысы
- 1994-1995 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын референти
- январь, 1996 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси
- июль, 1996 – декабрь, 1999 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын маалымат катчысы
- декабрь, 1999 — декабрь 2004 — «Учкун» АКнын президенти
- 2000-2005 — Бишкек шаарынын №2 Жайыл шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү
- 2005-2007 — №62 Аламүдүн шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты
- декабрь, 2008 – ноябрь, 2010 — Кыргызстан-Орусия Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору
- октябрь, 2010 — «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы
- октябрь, 2015 — «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
- февраль, 2023- Билим берүү жана илим министри