Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 15-февралда билдирди.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиев 2007-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп иштеген. 2020-жылдын март айында ал Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен кийин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал акцияны уюштуруп, анын катышуучуларын массалык башаламандыкка түрткөн, милициянын талабына баш ийбеген, таш ыргыткан, ошондой эле Ак үйдүн аймагына кирип, бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген.

Былтыр июнь айында ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Кошумчалай кетсек, Каныбек Осмоналиев 2020-жылдын октябрь айында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору кызматына талапкерлигин койгон.