«Тамчылатма алып жатам». Министр Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берген жок

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ага карата 2 кылмыш ишинин козголушу боюнча комментарий бере алган жок. Бул тууралуу Tazabek жазды.

«Мен тамчылатма алып жатам» деп, телефонду коюп койду»,- деп жазды басылма.

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш ишин козгоду.