Кар жаайт. 22-апрелге карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат

22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгыр карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот.

Чүйдүн, Таластын жана Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында түндө -2…-3° үшүк жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6°.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар аралаш жамгыр жаайт — 0…+2, күндүз жаан-чачын болбойт — +8…10°.