1-мартта Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимдик кесипти аркалап, үлгү боло алган мугалим айымдар кабыл алынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Министр Догдуркул Кендирбаева жолугушууда кадыресе жумушунда каармандык көрсөтүп, ак дилден эмгек кылып, келечек муунга билим берип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирди. «Баланы сүйүп, балдарга мээрим берип, жумуштан ырахат алып иштеңиздер», — деди Догдуркул Кендирбаева.
Буга чейин социалдык тармактарда кар кечип, мектепте сабакты үзгүлтүккө учуратпай барган Кара-Кулжа районундагы А.Турганбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Каныкей Ыдырысова жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева, Бактыгүл Дадакееванын видео тасмалары калкка кеңири тараган.
Мектепте билим гана бербестен тарбиялык иштерде үлгү көрсөтүп, социалдык жактан аз камсыз болгон эки окуучуга жардам көрсөтүп, бирин дарылоого көмөк көрсөтүп, үй шартын дагы оңдоп, актап сырдап чыгышкан. Бул кайрымдуулук иштерге ыктыярчы кылып окуучуларды дагы тартып, башкаларга үлгү көрсөткөн Токмок шаарындагы №5 орто мектептин үч мугалими Аида Абирова, Фатима Бейшекеева, Мээрим Кеңешбек кызы министрдин кабыл алуусунда болушту.
Аларга ыраазычылык кат тапшырылды. Жолугушууга билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев да катышып, активдүүлүгүн көрсөткөн мугалимдерге жайында Ысык-Көлдө 10 күн эс алууга жолдомо берсе, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан да 5 күндүк эс алууга жолдомо берилди.