Кар жиреп мектепте барган мугалимдерге министр ыраазычылык билдирди

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева аба ырайынын катаал шартына карабастан, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Социалдык тармактарга тараган видеодо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгүл Дадакееванын тизеден жогору карды кечип, мектепке бара жатышкан көрүүгө болот. Анткени 20-февралда Жыргалаң айылында катуу бороон болуп, техниканын жетишсиздигинен бардык көчөлөр тазаланган эмес. Ага карабастан мугалимдер толук жумушка чыккан.

«Асанбаев атындагы орто мектепте 163 окуучу билим алат. Мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан сабактар кадимки режимде өтүлүүдө»,- дешти.