Кар калың жаап, Көк-Арт өрөөнүнүн тургундары жарыксыз калды

Бүгүн, 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт өрөөнүндө кардын калың жаашынан электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Эртең менен саат 07:00дөн тартып Көк-Арт район электр тармактарынын кызматкерлери ар бир мамыны текшерип, аба чубалгыларды карап, үзүлгөн зымдарын таап, улап жатышат.