Кар көчкү түшөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Анда 2021-жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканы айтылат.

Кооптуу аймактар:

  • Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 71-75 (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу);
  • 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу);
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-76, 86-88 (Ош облусу Кара-Кулжа району);
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы);
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кара-Гөө ашуусу);
  • Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179 (Ош облусу, Алай району, Талдык ашуусу);
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Чоң-Ашуу ашуусу).

Жогорудагы аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.