«Кар менен чогуу ээрип калат». Депутат Нарындагы жолдорду кайра жасаш керектигин айтты

Нарында жол маселеси көйгөй жаратып жатат. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов билдирди.

«Нарын шаарынын жолдорун «Бета Групп» жасап келген. Бул компанияга ким берген? Камалып кетишти. Эми жолду кайра жасабасак болбойт. Кар менен чогуу жол да ээрип калат. Сапаты өтө начар. Тездетип бүтүрүп бериш керек», — деди ал.