Кара-Балта шаарына коюлган балатынын оюнчуктарын уурдап кетишкенби? Мэрия жооп берди

Социалдык тармактын колдонуучулары Кара-Балта шаарына коюлган балатынын оюнчуктарын уурдап кеткенин жазышты. Бул боюнча шаардык мэрия үн катты.

Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарында «Универсал» ишканасы бийиктиги 12 метр болгон эки жасалма балаты орнотуп жатат. Алардын бири В.Ленин атындагы мамлекеттик маданият үйүнүн аянтына, экинчиси Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аянтына орнотулган. Ар бир балаты миңден ашык оюнчуктар жана гирляндалар менен кооздолот. Эки аянтта балатыларды жасалгалоо уланууда.

«Кечинде жаңы жылдык балатылар орнотулган сейил бактарды Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери күзөтүүдө. Эч кандай уурулук жана мүлккө зыян келтирүү фактылары катталган эмес. Ишкананын кызматкерлери оюнчуктарды түс схемасына ылайык алмаштыруу үчүн астыңкы эки катмарын алып салышкан. Соцтармактарда оюнчуктар уурдалганы тууралуу маалымат пайда болгон, бул чындыкка дал келбейт», — дешти.