Кара-Балтада 4420 батирден турган ипотекалык турак жай комплекси курула баштады

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кара-Балта шаарына 4420 батирден турган мамлекеттик ипотекалык турак жай комплекси курулуп башталганын социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, турак жай 60 блоктон турган 15 кабаттуу комплекс 4420 батирден турат. Турак жай комплексинде 750 орундуу заманбап мектеп, 280 орундуу бала бакча, 2 064 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай жана өзүнүн заманбап отканасы менен болот. Мындан тышкары, тургундар үчүн комплекстин аймагында 80 коммерциялык жай каралган.