Кара-Балтада авто калкты тейлөө борбору иштей баштады

Кара-Балта шаарында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн базасында авто калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Авто калкты тейлөө борборунун имараты кыска убакыттын ичинде капиталдык оңдоодон өтүп, кеңселер «open spase» форматына өткөрүлдү.

АвтоКТБ жарандардын муктаждыктарына, жеткиликтүүлүгүнө жана ыңгайлуулугуна багытталган. Иш процессинин өзгөчөлүгү мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

АвтоКТБ  «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт, айдоочулук күбөлүктөрдү, автоунаа номурларын берүү, транспорттук каражаттарды каттоо жана кайра каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Бардык процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөн жана системаштырылган.

«Бул автоКТБ өлкөдө ачылган экинчи тейлөө борбору. Үстүбүздөгү жылы Талас жана Ысык-Көл облустарында автоКТБларды ачууну пландаштырып жатабыз» – деп белгиледи Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев. 

АвтоКТБнын жалпы аянты 304 чарчы метр, унаа токтоочу жайдын аянты 2500 чарчы метр, ал эми аянты 1000 чарчы метрден ашык аймак транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн каралган.

Жарандардын ыңгайлуугу үчүн, коммерциялык банктын кассасы жайгашкан.

Ошондой эле иш кагаздары жүргүзүү үчүн жай, унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча архив, мамлекеттик номерлер үчүн кампа да бар.

Айдоочулук күбөлүктү алуучулар үчүн  экзамендик класс каралган.

АвтоКТБ Кара-Балта шаарынын Жайыл — баатыр көчөсү 127 дарегинде жайгашкан.