Кара-Балтада гемодиализ борбору ачылды

Кара-Балта шаарында жеке клиникалардын бири Чүй облусу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишимдин негизинде гемодиализ борборун ачты. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Маалыматка караганда, ал жерде 5-стадиядагы бөйрөк кемтиги бар оорулуулар гемодиализ кызматын пайдалана алат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду гемодиализ кызматтарын бекитилген бирдиктүү баа менен каржылайт. Ар бир сеанстын баасы 4 700 сом. Бирок бюджеттик программанын алкагында оорулуудан акы алынбайт. Акысыз гемодиализ кызматын бейтаптар оорукананын менчигинин түрүнө карабай өзүнө ыңгайлуусун тандай алат. 5-стадиядагы бөйрөк кемтиги бар оорулуулар башка илдеттери дагы болгон учурда жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылып көрүүсү керек.

Бюджеттик программа аркылуу гемодиализ алчулардын тизмеси Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын комиссиясы аркылуу аныкталат. Ал үчүн оорулуу комиссияга тиешелүү документтер топтомун көрсөтүшү керек.