Кара-Балтанын тургундары кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жаткан сауналардын жабылышын талап кылышты

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургундарынын иштеп жаткан сауналардын жабуу боюнча жарыяланган видео кайрылуусунун негизинде текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Аталган факты ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Кечээ, 19-декабрда соцтармактарга видео тараган. Анда Кара-Балта шаарындагы 2 саунаны жабууну тургундар талап кылышкан. Чогулгандар сауналарда жаш кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жатканын, эже-карындаштары үчүн тынчсызданып жатышканын айтышты. Чогулгандарга милиция кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, алар тарашкан. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө чогулган адамдар интимдик кызмат көрсөтүү жайларын уюштурган белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылышты. Факты каттоого алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.