Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы катталган техникалык кырдаал тууралуу маалымдайт. Кечээ, 10-августта объекттин тышкы жылуулук алмаштыргычында агып кетүү аныкталып, анын натыйжасында системадагы басым кыска убакытка жогорулады. Натыйжада авариялык буу чыгаруу системасы ишке кирди.
«Атмосферага болгону суу буусу чыгарылып, ал калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурбайт. Түтүн же уулуу заттар бөлүнгөнү катталган жок. Окуя болгон жерде Кара-Балта шаарындагы НПЗ «Джунда» ишканасынын адистери иштеп, бузулууларды жоюу иштерин башташты. Кырдаал Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын толук көзөмөлүндө турат», — деп жазылат маалыматта.