Кара-Балтадагы мектепке Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачынын ысымы берилди

Кара-Балтадагы №3 мектепке Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Эрлан Турсунбаевдин ысымы берилди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун апасы тастыктады.

Апасынын айтымында, уулу «Тамдык» чек ара тозотунун башчысы болчу. «Уулум менен акыркы жолу 14-сентябрда Орусиядан эжеси келгенде сүйлөшкөнбүз. Ал жерде байланыш жакшы болчу эмес, көп учурда уулум өзү чалчу. Кыркында чогуу иштегендер келип, окуяны айтып беришти. Чек ара тозот Тажикстанга жакын экен. Анан уулум тозоттогу аскерлерди чокуга чыгарып жиберип, нөөмөттөгү чек арачы экөө калыптыр. Нөөмөттө турган жигит кийин келип кетти. Эрландын үй-бүлөсү жок болчу. Быйыл октябрда үйлөнмөк», — деди апасы.

Буга чейин Кара-Балта шаардык мэриясы жигит тууралуу маалымат берген. «Ал 1996-жылы Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында туулган. 2015-жылы Алматыдагы Чек ара кызматынын академиясына тапшырып, 2019-жылы аяктаган. Ошол эле жылы чек ара заставасынын башчысынын орун басары болуп Баткен облусуна кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн», дешкен.

«Биз аны менен дайыма байланышта болчубуз. 14-сентябрда Тажикстан биринчи жолу кол салганда кечинде чаларын айткан. Чалып, сүйлөшкөнбүз. 18-сентябрда саат 9-10дор чамасында номери менен маяк бериптир. Мен кайра чалсам албай койду. Ошол эле күнү анын каза болгонун уктук», — деген досу Айбек.