Кара-Балтадан Бишкекке маршрутка менен салып жиберишкен 6 жашар кыз адашып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 6 жашар кызды ата-энесине таап беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-июлда 6 жаштагы кызды Кара-Балтадагы туугандары жалгыз маршрутка менен Бишкекке ата-энесине салып жиберишкен. Ата-энеси кызды бекеттен тосуп алышмак, бирок алар белгисиз себептерден улам тоскону барышкан эмес. Кыз адашып кеткен.

Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИБдин кызматкерлери иш алып барышып, натыйжасында кызды «Ош базарынын» аймагынан табышкан. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Кыз ата-энесине өткөрүп берилет.