Кара-Балтанын тургуну жол чырактын лампочкасын алмаштырган видео тарады

Кара-Балта шаарынын тургуну шаардагы көчөлөрдүн бириндеги жол чырактын лампочкасын алмаштырууну чечкен. Видео TikTok социалдык тармагында жайылууда.

Таисия Владимирова (Пограничная) жана Жайыл Баатыр (Борбордук) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак иштебей калган. Көрсө, жол чыракта кадимки эле кубаттуулугу аз лампочка салынган. Лампочка алмыштырылган соң, жол чырак кадимкидей эле иштеп калган.