“Кара дуба дешти”. Нурлан Насип эшигине белгисиз нерсени чачып кетишкенин айтты

Ырчы Нурлан Насип үйүнүн эшигине белгисиз нерсени чачып кетишкенин билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

25-январь күнү мен жашаган үйдүн босогосуна келип, атайын бир нерсе себелеп кетишиптир. Аалымдардан сурасам, кара дуба дешти. Бул видеодогу эжени таанысаңар айтып койгула, байланышка чыксын. Мен муну үйүмдү жакшы билгендердин эле буйрутмасы деп ойлоп жатам. Дубадан алыс бололу”, — деп жазды ал.