Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды (сүрөт)

Кара-Жыгач конушунда бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн имараттын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өткөн.

Капсула салуу аземине борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана жергиликтүү тургундар катышышкан. «Алар Исакеев жана Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишине жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесин курууну пландаштырууда. Эки кабаттуу имарат 140 баланы батыра алат», — деп билдиришти мэриядан.