Кара-Кечеде 27-декабрдан тартып көмүр берүү токтотулат

Эртең, 27-декабрдан баштап Кара-Кечеде кесек көмүр берүү токтотулат. Ал эми ЖЭБге көмүр токтоосуз берилет. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынан маалымдашты.

Кайрадан кесек көмүр берүү 2022-жылдын 10-январынынан баштап берилет. Ага чейин көмүрдүн жаңы катмарын ачуу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт.
2021-жылы 4 айдын ичинде (сентябрь-декабрь) жарым миллион тонна көмүр казылып чыгарылды.