Кара-Кечеде чыр чыгып, ок атылды делген окуя боюнча УКМК үн катты

Соцтармактарда Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкканы, буга байланыштуу ок атылып, айрым айдоочулар жараат алганы айтылды. Маалыматты «Кыргыз көмүр» ишканасы тастыктап, окуянын чоо-жайын айтышкан эмес. Буга байланыштуу УКМК маалымат таратты, бирок ок атылганбы же жокпу ал жөнүндө маалымат берилген жок.

«22-декабрда Жумгал районундагы “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, УКМКнын Атайын кызматтын кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган. Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар Атайын кызматтын кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты. Учурда абал туруктуу, “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө, азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат»,- деп айтылат маалыматта.