Кара-Кечеде калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр жүктөө башталды

Кара-Кечеде калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр жүктөө башталды. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматы боюнча, бүгүн, 2-октябрдан тартып, кыргызстандыктар көмүрдү кампалардан сатып ала алышат.

Бүгүнкү күндө республикада 689 көмүр кампасы бар. Көмүрдүн тоннасына болгон баа ташууну эске албаганда 1330 сом экени көрсөтүлгөн.