Кара-Кечеде көмүр казуу 1 жумага токтотулду

Кара-Кече көмүр кениндеги тазалоо иштерине байланыштуу кесек көмүр бир аптадан кийин бериле баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, 20-декабрга чейин Кара-Кечеде тазалоо иштери жүрөт. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташуу үзгүлтүксүз берилип жатат.