Кара-Кечедеги жүк ташуучу унаалардын айдоочулары көмүрдүн 3 миң сомдон сатылып жатканына нааразы (видео)

Кара-Кечедеги жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Бишкекте көмүрдүн 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы. Видео соцтармактарга тарап, андан чогулган айдоочулардын нааразы болуп жатканын көрүүгө болот. 

«Мен Фейсбуктан окуп атам, Таласта күйүүчү май жок экен. Силерде деле тамак-ашыңар жок калды да. Тамак-аш эмес, суу жок. Бир стакандан суу сурап ичип атабыз», — дешет алар.

Алардын айтымында, бийлик график түзүп, арзан баада сатыла турган көмүрдү жүктөгөн унааларга кезек берилет деп айтышы керек болчу. «Биз ушинтип жүрбөй, үйдө жата берет элек да. 3 миңден сатылат деген маалымат айдоочулардын эч кимисине жаккан жок. 3 миң сомдон сатсак эч нерсебизге жетпейт, андан көрө бекер бергенибиз жакшы. 3 миң сомдон сатсак майыбызга дагы жетпейт. Унаабыздын бир дөңгөлөгү 22 миң сом. Бул жерде ижарага батир алып жашагандар бар, унааны ижарага айдагандар бар, азык-түлүк кымбат», — дешти алар.