«Кара кийим кийген, колунда баштыгы бар». Милиция эмне үчүн «Айчүрөк» соода борбору курчоого алынганын айтты

Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБге болжол менен саат 16:20 чамасында «Айчүрөк» соода борборунда кара кийим кийинген, колунда баштыгы бар шек жараткан аял тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ошол замат окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу, милиция кызматкерлери, ошондой эле Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жөнөп кетишкен.

«Жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери ЦУМдун айланасын курчоого алып, эвакуация кылышкан. УКМКнын кызматкерлери да жеринде иштеп жатышат»,- деп айтылат маалыматта.