Кара-Көл шаардык кеңеши iPhone 12 Pro Max сатып алганы жатат

Кара-Көл шаардык кеңеши iPhone 12 Pro Max уюлдук телефонун сатып алуу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Телефондон тышкары шаардык кеңеш ал Powerbank, Apple түзмөктөрү үчүн стерео конденсатор микрофонун жана бул телефонго батарея алат. Бул максаттарга 150 миң сом сарптоо пландалууда.