Кара-Көл — Таш-Көмүр жолундагы кырсык. Айдоочу унааны башкара албай калган

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кара-Көл — Таш-Көмүр жолунда унаа жардан кулап кеткени маалым болгон. Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 25-июлда катталган. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында “BYD BYD BEV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаа каражатын башкара албай, жолдун сол тарабына түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар бар. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,- дешти.