Кара-Кулжада алгачкы жолу чакан ГЭС ишке берилди. Ал Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздайт

“Энерджи Буйга” ЖЧКсы тарабынан Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна кубаттуулугу саатына 400 киловатт болгон “Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
“Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы курулуш иштери башталып, 2023-жылы бүткөрүлгөн. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Мындан сырткары, жакынкы мезгилдерде “Буйга-2” чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо иш-аракеттерин пландоодо.