Кой-Таш №2. Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Кара-Кулжада митинг башташты

Бүгүн, 2-июнда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун жашоочулары райондун борборуна кайра чогулушту. Кечээ, 1-июнда саат 18:30да тынчтык митингин уюштурган тургундар эл өкүлү Асылбек Жээнбековдун сотунун жыйынтыгы чыккандан кийин абалга  жараша кайра митинг уюштурабыз деп билдиришкен эле.

Кара-Кулжадагы митингдин негизги максаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруу, саясий куугунтуктоо болбоосун талап кылышкан. Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынан маадымдашты. Райондун борборуна чогулган эл Бишкек шаарына чейин барарын билдиришүүдө.