Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2017-жылы туулган бала 20-апрель күнү дарыяга түшүп кеткен.
Бүгүн, 22-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында Кара-Кулжа райондук №66 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, Кара-Суу райондук №25 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6, жалпы 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 100 болуп, баардыгы 116 адам тартылды.