Кечээ, 2-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектебинде өрт чыккан. Депутат Эмил Токтошев буга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.
«Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Талаа айылында жайгашкан Кебек Мамаев атындагы орто мектеп өрттөнүп кетти. Бул мектеп 1958-жылы курулуп, эскилиги жетип, эки жылдан бери жанында жаңы мектеп курулуп жаткан эле. Жаңы мектептин пайдубалы жана дубалы эле бүткөн. Окуу жылы башталганы турганда тилсиз жоо каптап, азыркы эскилиги жеткен болсо да, балдар билим алып жаткан мектептин түп орду менен өрттөнүп кеткени баарыбыздын тынчыбызды алып, ойлондуруп жатат. Урматтуу, президент Садыр Жапаров! Жаны мектептин курулушун жеке көзөмөлүңүзгө алууну суранам. 400 кожолук, 2020 калк жашаган Кайың-Талаа айылында жаны мектептин курулушун тездетип, жаны окуу жылына окуучулар жаны мектептин босогосун аттаганга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем»,- деди ал.