Кара-Кулжада өрттөнгөн мектеп тууралуу министрлик маалымат берди

Билим берүү жана илим министрлиги өрт чыккан Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектеби тууралуу маалымат берди.

Аталган орто мектеп 1964-жылы ашар жолу менен курулган. «2015-жылдын 15-декабрында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусу чыгып, авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген. 2022-жылдын 17-августунда республикалык бюджеттин эсебинен 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө жаңы мектептин имаратынын биринчи кабаты бүтүп, меш коюу жумуштары калган. Спорт залдын курулушу толугу менен бүткөн. Орто мектепте 227 окуучу билим алып, эки нөөмөттө окуу жүргүзүлөт. Анда 22 мугалим жана 13 техникалык кызматкер эмгектенет.

Мектепте өрт 2-августта түшкү саат 12:00 чамасында чыккан. Мектептин кароолчусу, айылдын элдери жана чек ара кызматкерлери мектептин ашканасынын жабдууларын жана буюмдарын сыртка алып чыкканга үлгүргөн. 2013-жылдын 1-апрелинде мектептин имаратынын 4 бөлмөсүнө балдар бакчасы ачылган. Балдар бакчасында 3 тайпада 64 бала тарбияланат. Анын ичинен бирөө жатак тайпа, анда 20 бала бар. Жалпысынан 6 тарбиячы жана 7 техникалык кызматкер иштейт«,- дешти.