Кара куурайдан талаш чыкты

Кара куурайдан улам бир топ талаштар орун алып жатат. Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун комиссиясы марихуананы эң коркунучтуу баңги заттарынын тизмесинен чыгарган эле. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев марихуана боюнча кылмыш катарынан чыгаруу маселесине кайтууну сунуштады. “Андай жолго барбасак, милиция кызматкерлери кара куурайды колдонгон адамдардын эсебинен мыйзамсыз акча табууну улантат”, — деп жазган депутат.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги Кыргыз өлкөсү БУУнун комисссиясы кабыл алган чечимге каршы добуш бергени тууралуу маалымат таратты. 25 мамлекеттин катарында Кыргыз Республикасы бул чечимге каршы деп добуш берди, себеби бул жагдай он миңден ашуун гектарда кара куурай өскөн өлкөнүн аймагында баңги кырдаалына терс таасирин тийгизиши ыктымал деп эсептейт министрлик. Ал эми чечимди 27 мамлекет колдогон, алардын катарында АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр бар. Марихуана 1961-жылы Баңгизаттар боюнча бирдиктүү конвенциянын тизмесине кооптуу маңзат катары кирген.