«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМден бошотулат

Бүгүн, 29-ноябрда Кара-Суу шаарындагы базардын ишкерлери кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы митингге чыгып, аларды кассалык аппаратты колдонуудан бошотуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

«Митингдин катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда митинг аяктап, анын бардык катышуучулары ишин улантууда. Кара-Суу соода жайынын аймагындагы бардык базарлардын ишкерлери жана оюн-зоок борбору кассалык аппараттарды колдонуу милдетинен бошотулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Башкармалык салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объектилерге кирген базарларда иш алып барган ишкерлер атайын салык режиминде иш жүргүзө аларын эскертти. Мындай объектилерге «Дордой» базары (Бишкек) жана Тураталы эл базары (Кара-Суу) кирет. 2024-жылдын 1-январынан тарта алар өзгөчө режимдик зонанын ичинде товарларды сатууда контролдук-кассалык машиналарды, ЭСФ жана ЭТТН колдонуудан бошотулат.

Атайын салык режими киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, НДСти алмаштырат жана акциздик товарларды жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды кошпогондо, товарларды сатууга карата колдонулат.